Поляк тили
Көрүнүш

Advertisement
Поляк тили - Польша Республикасынын расмий тили. Баары 50 миллиондой киши сүйлөйт. Инди-европа тил уясынын батыш славян тобуна кирет. Жети диалектиден турат. Жазмасы латын графикасынын негизинде түзүлгөн. Поляк алфавити 32 тамгадан турат:

Advertisement
A, Ą, B, C, Ć, D, E, Ę, F, G, H, I, J, K, L, Ł, M, N, Ń, O, Ó, P, R, S, Ś, T, U, W, Y, Z, Ź, Ż.

Advertisement
Поляк адабий тилинин 8 үндүү тыбышы бар. Үндүүлөр өзгөрбөйт.